БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке кирүүдөгү дресс-коддун талаптарын өзгөртүү керектигин айтып, ал жарандар менен иштешүүдө тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.
Бүгүн депутаттар ар кандай маселелерди карап, өздөрүнүн жана жарандардын арыз-муңдарын айтышты.
"Майда, бирок маанилүү маселеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Жогорку Кеңешке келген жарандарга дресс-код деп УКМКнын кызматкерлери "джинсы менен келдиң, ботас менен келдиң" деп өтө көп тийишет. Кээде өзүм чыгып жарандарды киргизем. Мына 15-январда мага жана Максат Сабировго Ысык-Көлдөн көзү азиз жаран келген. Аны коштоп келген кишини джинсы кийип келгенсиң деп киргизбей коюшту. Ушундай да болобу? Жарандарды кабыл алып иштегенге ыңгайсыз болуп жатат", — деди депутат.
Эл өкүлү ага кайрылган айрым жарандар кийип келгенге пиджагы жок экенин ачык эле айтышарын кошумчалады. Андыктан бул боюнча жобо иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 16-январдагы жыйынында депутаттар Алмазбек Токторов менен Мирлан Бакиров баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчисин "көйнөк кийип келбейсиң" деп уяткарып, залдан чыгып кетишин талап кылышкан болчу.