Билими:
1981-1986 — Екатеринбург шаарында жайгашкан Горький атындагы Урал мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган;
1989-1992 — Москва шаарындагы Ломоносов атындагы Москва университетинен аспирантураны окуган. Философия илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолу:
1986-1989 — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучу;
1994-1995 — Тышкы иштер министрлиги, КМШ башкармалыгы, атташе, үчүнчү катчы;
1995-1998 — Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги, экинчи катчы, биринчи катчы;
1999-2001 — Президенттин адимнистрациясы, президенттин маалымат кызматы, референт;
2001-2002 — Тышкы иштер министрлиги, эл аралык коопсуздук башкы башкармалыгы, жетекчи;
2002-2005 — Кыргызстандын Индиядагы элчилиги, кеңешчи;
2005-2005 — Тышкы иштер министрлиги, эл аралык экономикалык кызматташууну пландоо башкармалыгы, жетекчинин орун басары;
2005-2009 — Тышкы иштер министрлиги, КМШ департаменти, директор;
2009 — Тышкы иштер министрлиги, статс-катчы;
2010-жылдын 25-ноябрынан тарта Тышкы иштер министрлигинде статс-катчы;
2019 — Кыргыз Республикасынын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Бангладештеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
2022 — Тышкы иштер министринин орун басары.
Ушу тапта Франция жана Бенилюкс мамлекеттеринде Кыргызстандын элчиси болуп кызмат өтөп келет.
Үй-бүлөлүү.