Туура эки жыл мурун май куюуга гана кончу учак Дача СУ айылынын үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алып, 73 үйдү жок кылган. Былтыр каза болгондордун элесине мемориалдык комплекс курулган. Жок болгон 73 үйдүн орду болсо бара-бара сейил бакка айланмакчы.
Түркиянын ACT Airlines компаниясына таандык Boeing 747 учагы 16-январь күнү таңкы саат 7:30дар чамасында Дача СУ айылына кулаган. Андан экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам каза болуп, дагы 15 киши жабыркаган. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Учурда бардык каза болгон адамдардын жакындары менен жабыркагандарга компенсация төлөнүп бүткөн.
Кийинчерээк Boeing Гонконг — Стамбул каттамы менен учуп баратканы белгилүү болгон. Бишкекке май куюу үчүн конмок. ACT Airlines компаниясына таандык учак Turkish Airlines тарабынан ижарага алынган.