Сокулукта маршруттук такси сүзүп кеткен киши каза болуп калды

Кырсык бүгүн эртең менен болгон. Маркумдун жанынан документтери табылган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда маршруттук такси сүзүп кеткен киши каза болуп калды. Бул туурасында Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгынан кабарлашты.

Түн, кагышкан автоунаалар, жардамга чуркаган кишилер. Балыкчыдан алынган видео
Кырсык бүгүн эртең менен саат 08.30дар чамасында болгон. Алган жараатынан улам эркек киши ошол жерде жан берген. Тартип сактоочулардын айтымына караганда, маркумдун жанында документтери болгон эмес.

Автоунаанын айдоочусу кармалып, маршруттук такси айып короого токтотулду. Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгынан кишини сүзгөндө автоунаа ичинде жүргүнчүлөр жок экендигин айтышты. Топтолгон материалдар кийинки иликтөө үчүн тергөө бөлүмүнө берилип, экспертизалар дайындалды.