Планетада адам колу тие элек 5 гана пайыз жер калды

Жапайы бойдон сакталып келе жаткан жерлерге тундра, тайга зоналары жана ийне жалбырактуу токой менен жыш капталган аймактар кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар иликтөө жүргүзүп, жердин 5 гана пайызына адамдын колу тие элегин аныкташты. Бул тууралуу Axios порталы жазды. 

Беш жылдан кийин Жерге кооптуу делген астероид жакындап келет
Иликтөө маалында планетанын 95 пайызы ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгону билинген. Анын ичинде 84 пайызы антропогендик мүнөздөгү өзгөрүүлөр. Мындай жыйынтыкка келүү үчүн окумуштуулар жердин үстүнөн жана космостон тартылган сүрөт менен видеоматериалдарды колдонгон.

Жер жүзүндөгү экологиялык аймактардын 30 пайызы жана өлкөлөрдүн 18 гана пайызынын жерлери өзгөрүүгө көп дуушар болбой, баштапкы абалын сактап калган.

"Жердин адам колу тие элек 5 пайызын сактап калуу менен планетаны аман алып калабыз деп айта албайбыз. Анткени жердин көпчүлүк бөлүгү талкаланып, булганып калды. Бул нерсе бизди ойлондурушу керек", — деди иликтөөнүн авторлорунун бири.

Маалыматка караганда, жапайы бойдон сакталып келе жаткан беш пайыз жерге тундра, тайга зоналары жана ийне жалбырактуу токой менен жыш капталган жерлер гана кирет.