Коомчулуктун пикиринен кийин түкүрүк боюнча айып пул азаймай болду

2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген Эреже бузуулар кодексинде түкүрүк боюнча айып пул 71-беренеде каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өкмөт коомдук жайда түкүрүү үчүн айып пул каралган беренени башкага өзгөртүүнү пландап жатат. Бул тууралуу журналисттерге вице-премьер Жеңиш Разаков кабарлады.

2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген Эреже бузуулар кодексинде түкүрүк боюнча айып пул 71-беренеде каралган. Ошол эле беренеде туура эмес жерде таштанды өрттөө боюнча дагы айтылган. Айып пул 5,5 миң сом.

"Таштанды өрттөгөндөргө 5, 5 миң сом айып салуу туура. Бирок түкүрүк үчүн бул абдан көп. Мындан улам премьер-министр түкүрүктүн айып пулун туура эмес жерде чегилген чылымдыкына теңөө боюнча жыйын өткөрдү. Башкача айтканда, айып пул 1000 сомдун тегерегинде болот", — деди Разаков.

Анын айтымында, өкмөт бул маселени коомчулуктун нааразычылыгынан кийин карап чыгууну чечкен.