Сооронбай Жээнбеков машыктыруучу Александр Крестинин менен сүйлөштү

Өлкө башчысы футбол боюнча улуттук курама командасынын күйөрманы экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков эртең өтө турган Кыргызстан — Филиппин беттешүүсүнүн алдында ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия кубогуна катышып жатканы быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири экенин белгиледи.

"Биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат. Командага айтып коюңуз, ар бир кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын күйөрманымын жана сиздердин жеңишиңиздерди каалайм. Футбол боюнча биздин улуттук команда Азия кубогунда өлкөбүздү жакшы көрсөтүп жатат", — деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле Кыргызстандын курамасы бул турнирде абдан кызыктуу жана чебер оюн көрсөтүп жатканын кошумчалады.

КР футболчулары оңой жоо эмес. Плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу
"Биздин футболчулар Азиядагы алдыңкы футбол державалары менен теңата ойной ала турганын далилдей алышты. Оюн учурунда бири-бирин колдоп, ар бир топ үчүн катуу аракет кылганын көрдүк. Жигиттерибиз бардык күчүн үрөп ойноп, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргой алышты. Алдыда дагы бир матч турат, ал дагы абдан маанилүү жана аныктоочу беттеш болуп саналат", — деди мамлекет башчы.

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы 16-январында Филиппиндин курамасы менен беттешет.

Буга чейин Кытай жана Түштүк Кореянын курамалары менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан.