Рязанда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, айдоочу катуу жарадар болду

Жүк ташыган жана жеңил автокөлүк кагышкан. Рулда кыргызстандык жаран болгондугун айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Рязань облусунда кыргызстандыктар жол кырсыкка кабылганын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Россияда эл ташып бараткан баткендик айдоочу кырсыктаган окуянын видеосу
"Газель-Валдай" жана ВАЗ-2107 ("Жигули") автоунаалары кагышкан.

Элчиликтин маалыматына караганда, кырсыктан Кыргызстандын жараны, 22 жаштагы жигиттин баш мээси жабыркаган. Учурда облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын жанындагы бир тууганы да жабыркап, колун кокустатып алган.

Маалыматта полиция кырсыктын себебин иликтеп жаткандыгы айтылган.