Россия Кыргызстандын бардык чек ара жайларын унаа менен камсыздады. Сүрөт

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагында Россия чек араны бекемдеп берүүнү убада кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен россиялык техниканы тапшыруу аземи болду.

РФтин Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун айтымында, КР ЕАЭБге киргенден бери орус тарап биримдиктин тышкы чек арасын күчтөндүрүү үчүн каржы-техникалык жактан жардам берип келет. Кеп Кыргызстандын Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек арасы тууралуу болуп жатат.

1 / 8
Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен россиялык техниканы тапшыруу аземи болду.
2 / 8
РФтин Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун айтымында, КР ЕАЭБге киргенден бери орус тарап биримдиктин тышкы чек арасын күчтөндүрүү үчүн каржы-техникалык жактан жардам берип келет.
3 / 8
Кеп Кыргызстандын Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек арасы тууралуу болуп жатат.
4 / 8
Россиянын транспорт министринин орун басары Михаил Семеновдун билдиргенине караганда, былтыр страгетиялык өнөктөш Кыргызстандын 11 чек ара пунктусун жаңылап, 125 техника берген.
5 / 8
Ал эми КРдин Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев чек араны бекемдөө үч этаптан турарын кошумчалады.
6 / 8
Алгачкы этапта чек ара пунктуларындагы инфраструктура жаңыланган. Экинчиде 125 техника алдык. Үчүнчү этап менен заман талабына жооп берген чек араны кайтаруучу техникалар алып келинет", — деди жетекчи.
7 / 8
Жардам катары келген техниканын ичинде аскерлерди жана жүк ташуучу унаа, экскаватор-жүктөөчүлөр жана башкалар бар.
8 / 8
Россиялык техниканы тапшыруу аземи

Россиянын транспорт министринин орун басары Михаил Семеновдун билдиргенине караганда, былтыр страгетиялык өнөктөш Кыргызстандын 11 чек ара пунктусун жаңылап, 125 техника берген.

Ал эми КРдин Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев чек араны бекемдөө үч этаптан турарын кошумчалады.

"Алгачкы этапта чек ара пунктуларындагы инфраструктура жаңыланган. Экинчиде 125 техника алдык. Үчүнчү этап менен заман талабына жооп берген чек араны кайтаруучу техникалар алып келинет", — деди жетекчи.

Жардам катары келген техниканын ичинде аскерлерди жана жүк ташуучу унаа, экскаватор-жүктөөчүлөр жана башкалар бар.