Картайбайм десеңиз... Карылыкты кечеңдеткен азык аталды

Алгач адистер козу карын жеген кары адамдар акыл-эсинен айнуу дартынан оолак болорун айтып чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ак козу карындын курамында карылыкты жайлата турган заттар бар экенин Пенсильваниянын окумуштуулары аныктап чыкты. Бул тууралуу Medical News Today басылмасына таянуу менен "Известия" жазды.

Дубайдагы ресторан желбей калган тамак үчүн айып пул киргизди
Иликтөөнүн жүрүшүндө ак козу карын организмде өз алдынча пайда боло албаган эрготионеин затынын антиоксиданттык аминокислотарын жаратары аныкталган. Аны адам тамактан гана алат, эрготионеин башка азыкка караганда ак козу карында 10 эсе көп.

Мындан тышкары, козу карындын курамында дагы бир маанилүү глуатион деп аталган антиоксидант бар. Негизинен алар кычкылтектин деңгээлин көзөмөлдөөчү жөндөмгө ээ. Мындан улам антиоксиданттар клеткалардын жашоосу үчүн маанилүү болгон ДНКнын жабыркашынын алдын ала алат.

Ал эми каруу процесси кычкылдануудан клеткалардын жабыркоосунан улам жүрөт. Демек, антиоксиданттардын коргоо жөндөмү карылыкты жайлатат.

"Ак козу карында селен, D витамини, глуатион жана эрготионеин сыяктуу пайдалуу заттар арбын. Алар кычкылдануу процессин жумшартууга жөндөмдүү антиоксиданттар болуп саналат", — дешти окумуштуулар.

Иликтөөгө Сингапур менен Япония окумуштууларынын чыгарган жыйынтыгы себеп болгон. Адистер козу карын жеген кары адамдар акыл-эсинен айнуу дартынан оолак болорун айтып чыгышкан.