Кайрат Иманалиев маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кайрат Иманалиев маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Транспорт министри кызматына жаңы талапкер көрсөтүлдү
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Айнура Темирбекова аркалап келген. Ал декабрдын аягында кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын Facebook баракчасына жазган.

Ал эми Иманалиев Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары болчу. Ал кызматын былтыркы жылдын май айында тапшырып берген.

Кайрат Иманалиев драматург, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты.