Тирүүбү же жасалмабы? Иттин сүрөтү соцтармакты эки жаат кылды

Мексикадагы жылаңач иттин сүрөтүнө 10 миңден ашык интернет колдонуучу "лайк" баскан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Мексикадагы Пайпер аттуу жылаңач иттин сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларын эки жаат кылганын Lad Bible басылмасы жазып чыкты. 

​Күчүктүн сүрөтүн Instagram баракчасына Сандра Пинеда аттуу колдонуучу жарыялап, ага он миңден ашык адам "лайк" баскан. 

​Сүрөттөгү иттин жүнү жок, жылаңач болгондуктан интернет колдонуучулардын көбү аны жөн гана эстелик деп ойлошкон. Кээ бири жандуу эле иттин сүрөтү деп чыгышкан.

"Менин баракчамдагы Пайпердин сүрөтүн көргөндөр таң калып "бул чын эле итпи?" деп сурашты. Башында алар тамашалап жатат го деп ойлогом, бирок кийинчерээк суроолор олуттуу берилип жатканын түшүндүм", — деди Сандра.

Сандра күчүгүнүн сырткы кебетесине көнүп калганын кошумчалаган.