Түкүрүнүп, тамеки чеккен милиционерлер табылды

Коомдук тартипти бузгандар Жайыл райондук милициясынын Коопсуздукту камсыздоо кызматынын өкүлдөрү экени анык болду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы убактылуу кармоо жайынын жанында түкүрүнүп, тамеки чегип турган милиционерлердин аты-жөнү белгилүү болду. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Буга чейин окурман Sputnik Кыргызстандын WhatsApp каналына милиционерлердин түкүрүнүп жана тыюу салынган жерде чылым чегип турган видеосун жиберген

Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды

Бишкек милициясынан коомдук тартипти бузгандар Жайыл райондук милициясынын Коопсуздукту камсыздоо кызматынын өкүлдөрү экени аныкталгандыгын билдиришти.

Армия чоң!.. Министр Жунушалиев түкүрүнгөн милиционерлер боюнча оюн айтты
Алардын бири Эреже бузуу кодексинин 53-беренесинин ("Тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын тартуу") негизинде айып пулга жыгылды. Ал эми түкүрүнгөн кызматкерге 71-берене ("Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө") боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук администрациясына жиберилди.

Эске салсак, буга чейин жарандар көчөдө түкүрүп, чылым чеккен милиционерди видеого түшүрүп алышкан. Көп өтпөй анын Чүй ОИИБинин кайгуул посттук кызматында иштеген милициянын старшинасы экени анык болгон.