Бейшенов Жанат Саматович — өмүр баяны

Жанат Бейшенов 1970-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган.
Sputnik

Билими:

1993 — Кыргыз архитектуралык курулуш институтун "инженер-куруучу" адистиги боюнча аяктаган;

2007 — 2010 — Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин окутуучусу, доцент.

Эмгек жолу:

— 1993 – 1996 — "Альтаир" өндүрүш компаниясында башкы адистен тарта директордун орун басарына чейин иштеген;

— 1996 – 1997 — Россия менен биргелешкен "Эржан" компаниясынын директору;

— 1997 – 1998 — КРдин премьер-министринин аппаратынын тармактарды өнүктүрүү департаментинин референти;

— 1998 – 1999 — Өндүрүш, курулуш, транспорт жана коммуникациялар департаментинин референти;

— 1999 – 2000 — КРдин премьер-министринин аппаратынын керектөөчүлөр рыногун өнүктүрүү секторунун жетекчиси;

— 2000 – 2005 — КРдин Чехиядагы соода өкүлү;

— 2005 – 2006 — Транспорт жана коммуникация министринин орун басары.;

2014-жылы премьер-министрдин кеңешчиси, ал эми 2017-жылдан тарта Евразиялык экономикалык кеңештин  Транспорт жана инфраструктура департаментинин темир жол бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

2019-жылдын 15-январында премьер-министр аны Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилигине сунуштаганы белгилүү болду.