БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Быйылкы жылдын I жана II кварталынан баштап чочко, IV кварталында жылкы идентификацияланат. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Калысбек Жумаканов Жалал-Абад облусуна болгон сапары учурунда билдирди.
Анын айтымында, ветеринардык тармактагы жасалып келген иштер быйыл да улантылмакчы.
"Ветеринардык клиникаларды салуу, мал ылаңынын алдын алуу жана идентификация маселесин жүзөгө ашырышыбыз керек. Андыктан талапка жооп берген эл аралык деңгээлдеги заманбап лабораторияларды куруу иштери улантылат. Малды өз учурунда эмдөө жана башкысы идентификация үзгүлтүксүз ишке ашырылат", — деди Жумаканов.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин идентификациядан өткөн бодо малдын саны 1 миллион 700 миңден ашты. Ал эми койлордун кезеги 2020-жылы келет.