Жалал-Абадда өткөн диний олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Облус казысы Абдулазиз Закиров мындай иш-чаралардын өтүшү медреселердеги мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүп, тажрыйба алмашуу экенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында хадис сабагы боюнча өткөн олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү казыяттын диплому, ардак баракчасы менен сыйланды.

"Олимпиаданын негизги максаты өзгөчө шыктуу окуучуларды таап чыгуу жана аларга колдоо көрсөтүү. Жаштардын хадис cабагына болгон кызыгуусун арттыруу, хадистен өрнөк алып өз жашоолорунда пайдалануу жана диний окуу жайлардын окуучулары арасында түрдүү интеллектуалдык таймаштардын түрлөрүн өркүндөтүү", — деп айтылат маалыматта.

Облус казысы Абдулазиз Закиров мындай иш-чаралардын өтүшү медреселердеги мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтөрүн белгиледи.

Эске салсак, олимпиаданын жүрүшү боюнча атайын облустук казыяттан комиссиялык топ түзүлүп, жоболор бекитилип, сынактын катышуучулары үчүн атайын убакыт берилген.