Ноокатта карызы үчүн 40 жаштагы кишини атып кетишти

Шектүү катары төрт жаран кармалып сурак берүүдө.
Sputnik

ОШ, 14-янв. — Sputnik. Ноокат районунун Гүлистан айыл өкмөтүнүн 40 жаштагы жашоочусун атып кетишти. Бул маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Ага ылайык, 14-январь күнү саат 11:20лар чамасында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө окуя тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Чаткалга жумуштап барган жигитти мас болгон жергиликтүү тургун атып салды
Шектүү катары 22-23 жаштагы төрт адам кармалды. Аларга 40 жаштагы адамды арматура менен чаап, белгисиз курал менен атып кетишкен деген кине коюлууда.

Шектүүлөрдөн далил буюм катары узундугу 1 метр 10 сантиметр болгон эки даана арматура, "ИЗ-17" үлгүсүндөгү 16 калибрлүү аңчылык куралы табылды.

Суракта жабырлануучу шектүүлөргө 48 миң сом өлчөмүндө акча карыз экени белгилүү болгон. Шектүүлөр алгач жабырлануучуну ээн талаага алып барган, эки тараптын кайым айтышуусунан соң чыр чыккан.

Ал эми жабырлануучу оор абалда Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Анын 2 эки колу сынып, бутуна ок тийген жана баш сөөгү катуу жабыркаган.