Москвадагы кинофестиваль Дворцевойдун "Айка" тасмасы менен ачылат

"Искусство кино х Москино" аттуу фестивалда 20га чукул орус жана чет элдик тасма тартууланат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Москвада өтө турган "Искусство кино х Москино" аттуу алгачкы эл аралык көрүүчүлөр фестивалы Сергей Дворцевойдун "Айка" драмасы менен ачылат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Искусство кино х Москино" аттуу фестивалда 20га чукул орус жана чет элдик тасма тартууланат. Иш-чара Москвада 24-январдан 31-январга чейин өтөт.

"Биз буга чейин көрсөтүлө элек тасмаларды тартуулайбыз. "Айка" драмасы биздин сыймыгыбыз. Бул кинокартина укмуштуудай тартылып, бийик деңгээлде бааланып жатат", — деди "Искусство кино" журналынын башкы редактору Антон Долин.

Кыргызстандык мигрант кыздын жан чыдагыс жашоосу. "Айка" тасмасынын трейлери
Эске салсак, аталган драма "Оскар" сыйлыгынын "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясынын кыска тизмесине илинген. Фильмди россиялык кинорежиссер Сергей Дворцевский тартып, баш каармандын ролун казакстандык актриса Самал Еслямова аткарган.

"Айка" тасмасынын негизги сюжети кыргызстандык жаш келиндин оор тагдыры тууралуу тартылган. Аталган фильм буга чейин Канндагы фестивалда элге жаккан эмгектердин бири болгон. Ал эми андагы баш каарман казакстандык актриса Самал Еслямова "Айка" фильминдеги образы үчүн "Аялдын мыкты ролу" номинациясын алган.