Лебединовкада 8 унааны өрттөп кетишкен. 51 жаштагы шектүү аял кармалды

Аял дүкөндүн аймагына кирип унааларга бензин чачып өрттөгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери унаага өрт коюуга шектелген 51 жаштагы аялды колго түшүрдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден маалымдашты.

"Үстүбүздөгү жылдын 1-январында түнкү саат 3.00дөр чамасында Аламүдүн РИИБине Лебединовка айылындагы көчөлөрдүн биринде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, машина саткан менчик дүкөнгө белгисиз адам өрт койгондуктан сегиз унаа күйүп кеткени маалым болгон. Натыйжада салондун ээлери арыз жазышкан", — деп айтылат маалыматта.

Ошто наристени сабап өлтүрдү деген кош бойлуу келин 2 айга камакка алынды
Укук коргоочулар видеокамераны карап чыккан. Тасмага белгисиз аял дүкөндүн аймагына кирип унааларга бензин чачып, өрт койгону түшүп калган.

3-январда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийинчерээк үй камагына кое берилген.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси боюнча ("Башка бирөөнүн мүлкүнө өрт коюп жок кылуу") тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Экспертиза дайындалып, келтирилген чыгымдын көлөмү эсептелип жатат.