Кыргызстандын запаста канча алтыны бар? Сомго тийгизген таасири

Дээрлик ар бир мамлекеттин улуттук валютасынын кунун кармап туруу үчүн алтын резерви болот.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Сом — эң туруктуу валюталардын бири. Ал еврого, юанга жана рублге салыштырмалуу кыйла бекем. Sputnik Кыргызстан агенттиги алтын жана валюта резервинин көлөмү канчалык экенин билип көрдү.

Редакция Улуттук банктын ачык маалыматтарынан эң жогорку көрсөткүчтү алды, бул — жалпы жонунан акчанын базасы. Былтыр 1-декабрга карата 106 миллиард 190,4 миллион сомду түзгөн. Бул базага жүгүртүүдөгү акчалар (элдин колундагы акча), резервдер жана депозит уюмдарынын депозиттери кирет.

Дүйнө өлкөлөрүнүн мамкарызынын ИДПга болгон катышы кандай? Кыргызстандын абалы
Жалпысынан Кыргызстандын 10,3 тонна алтыны бар (2018-жылдын 28-ноябрына карата), анын наркы былтыр ноябрь айынын аягына карата 824,9 миллион сом деп бааланган. Демек акча базасындагы ар бир сомго 28 тыйын өлчөмүндөгү алтын туура келет.

Ондон ашык валютадан турган алтындын запасы жана CDR (карыз алуу боюнча атайын укук — жасалма резерв жана Дүйнөлүк банктын төлөө каражаты) эл аралык резервди түзөт. Аларды "алтын-валюталык резерв" деп да аташат. Ноябрь айынын аягына карата ал 2 миллиард 106,05 миллион долларды түзгөн. Ноябрдын акыркы күнүндөгү расмий курс боюнча (69,8475) эсептегенде 147,1 миллиард сомго барабар. Башкача айтканда, ар бир сом баасы 1 сом 38,5 тыйын болгон алтын-валюта резерви камсыздалган.