Магнитогорск: уранды алдынан табылган ымыркайдын бутун сактап калышты

Кырсык 31-декабрь күнү болгон. Газдын жарылуусунан 10 кабаттуу үйдүн кире бериши урап, 39 киши каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Магнитогорск шаарында урап түшкөн үйдүн урандысынын алдынан аман табылган баланын бутун медиктер сактап калышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен билдирди.

Адистердин айтымында, ымыркайдын абалы күндөн-күнгө оңолуп келе жатат. Наристени бир жума мурда Москвага алып келишкен.

Бала кырсык болгон учурда керебетке жаткырылып, жылуу оролгондуктан аман калган. Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бала оор абалда ооруканага алып келинген. Ал катуу үшүп калган, андан сырткары башынан жаракат алган.

"Москва илим изилдөө институтунун адистери 10 айлык Ваня Фокиндин абалына дыкат көз салып турушат. Өткөн жумада абалы туруктуу жакшы болчу. Эми баланын бутуна коркунуч жок", — деп айтылат маалыматта.

Париждеги жардыруу. Төрт адам каза болуп, 50гө чукул киши жабыркады
Ымыркай акырындык менен өзүнө келип өз алдынча тамак иче баштады. Апасы менен болгон байланышы да калыбына келди.

Эске салсак, 31-декабрда Магнитогорскидеги Карл Маркс, 164 дарегинде жайгашкан он кабаттуу үйдө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4:00дө газ жарылган. Имараттын кире беришинин бири урап түшкөн. Анда 46 киши жашаган 26 батир талкаланып, жалпысынан 39 адамдын сөөгү табылган.