Бишкекте жеңил унаа менен троллейбус кагышты. Сүрөт

Алдын-ала маалымат боюнча жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкектеги Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсү менен Киев көчөсүнүн кесилишинде саат 19:30дар чамасында троллейбус менен Subaru үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес. 

ДТП с участием троллейбуса на улице Абдрахманова

"Жол кырсыгы көчөлөрдүн кесилишинде болду. Ошол жердегилердин айтымында, троллейбус бузулуп калып, аны артка түртүп жатканда жеңил автоунаа келип сүзүптүр", — деди күбө.

Бишкек шаардык милициясы жол кырсыгы тууралуу маалымат түшө электигин маалымдады.