БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. ММА боюнча түштүк кореялык мушкер Сун Квон Ким бразилиялык спортчу атаандашы Андре Оливейрунун бутуна тээп биринчи раундда эле нокаутка кетирди.
Кореялык мушкер Тайванда өткөн RFC Way of the Dragon таймашынын алкагында жеңишке жеткен. Ал атаандашын тоголото тепкен учурундагы видео JHKMMA баракчасынын Twitter-аккаунтуна жарыяланды.
Ким биринчи раундда эле атаандашын ай-буйга келтирбей бутка тепкен. Бразилиялык мушкер жыгылып түшүп, судьяларга мындан ары оюнду уланта албай турганын көрсөткөн.
Рефери кореялык мушкер техникалык нокаут менен жеңишке жеткенин айтты.