Европанын бир бөлүгүнө 3 метрлик кар түштү. Кесепеттери сүрөттө

Европага жааган калың кар көптөгөн чыгымдарга алып келди. Кардан улам машиналар жүрбөй, поезддер токтоп, мектептер жана башка социалдык объектилер жабылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Баварияда Кызыл чырым коому кардан улам жолдо калган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын куткарды. Ал эми Мюнхенден алыс эмес жерде бак кулап, бир баланы басып калганын BBC басылмасы жазды.

Швециянын түндүк аймактары калың кардын алдында калды.

Сильные снегопады в Австрии

Бавариянын түндүгүндөгү темир жолчулар баарынан көп жабыркаган. Себеп дегенде темир жолго калың кар түшүп, жолду кулаган бак-дарактар бууп калган.

Сильные снегопады в Польше

Бертехсгаден аймагындагы жолду кардан тазалоо үчүн 200дөй аскер кызматкери тартылып, алар коммуналдык кызматка жардам бермекчи.

Сильные снегопады в Германии

Ал эми Австрияда абал бир аз жакшырганы менен жума ичинде бийиктиги 3 метрге жеткен кар түштү. Анын кесепетинен жети киши каза болуп, эки турист дайынсыз жоголгон.

Калың жааган кар аэропорттордун иштөөсүн дагы үзгүлтүккө учуратты. Мюнхен аэропортунда 90дой аба каттам токтотулган. Франкфурт аэропорту да бир нече каттамды токтотууга аргасыз болгон.

Сильные снегопады в Швейцарии

Швейцариядагы Сантис-Швегальп курортундагы "Швегальп" мейманканасынын айнек эшиктери сынып, кар имараттын ичине чейин кирип кеткен. Мейманканадагы туристтердин баары чыгарылган.

Сильные снегопады в Германии

Андан сырткары, кардын калыңдыгынан Бавариянын Герольд айылы башка шаарлар менен байланыша албай калган.