БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Быйылкы жылдын күз айында америкалык Apple корпорациясы үч камералуу iPhone чыгарууга ниеттенип жатат. Бул туурасында РИА Новости The Wall Street Journal басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматта жаңы үч модель чыга турганы айтылган. Басылма аларын бири ЖК дисплейи менен жабдылып, арзан делген iPhone XR түрүн алмаштырары кабарланды. 2020-жылы Apple кымбатыраак OLED-дисплейлерге өтүүнү пландап жатат. Булар азыр XS смартфондорунда колдонулуп келет.
Маалымат булактары компания жаңычылдык киргизерин, алардын ичинде үч камера орнотулган эң кымбат деп саналган модуль болорун айтты. Ал эми калганы эки камера менен жабдыла турганы кошумча кабарланды.
Apple Стив Жобс, Стив Возняк жана Рональд Уэйн тарабынан 1976-жылы негизделген. Учурда башкы кеңсеси Купертинодо (Калифорния штаты) жайгашкан.
Apple компьютерлерди, аудиоплеер, чөнтөк телефон, "акылдуу" сааттарды чыгарып келет.