БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 13-январда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда +1…+6, Таласта —1…+4 градус жылуу болору айтылды.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көл аймагында 0…-5, Нарын жергесинде —7…-12 градус суук болот.
Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +2…+4, Ошто +5…+7 градус жылуу болору болжолдонду.