Жасалма паспорт алып Кыргызстандан Казакстанга бараткан түркиялыктар кармалды

Чек арадан кармалган Түркиянын жаранын УКМКга өткөрүп беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын "Ак Жол" чек ара өткөрмө пунктунан 11-январда жасалма паспорт менен Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылган Түркиянын үч жараны кармалды. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта алар Кыргызстанга өздөрүнүн мыйзамдуу паспорту менен киргени айтылат.

"Көзөмөл бекетинен өтүп жатканда чет элдик жарандар Түркиянын атайын кызматтык паспортун көрсөтүшкөн. Бирок чек арачылар ал документтери жасалма экенин байкаган. Тыкыр текшерүүдөн кийин алар жасалма паспортторун мыйзамдаштыруу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалгандар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилген.