Ысык-Көл: көрүстөндөгү эстеликтерди талкалаган вандал изделүүдө. Сүрөт

Милиция ал жерде крест түрүндөгү 35 жыгачтын жана 2 мрамор эстеликтин талкаланганын аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө христиандардын көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалагандарды милиция издеп жатат. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

11-январда саат 20.30дар чамасында Ананьево айылдык милиция пунктуна жергиликтүү тургундардан маалымат түшүп, христиандардын көрүстөнүндөгү эстеликтердин талкалаганы кабарланган.

Социалдык тармакта окуя болгон жерден сүрөттөр да жарыяланды.

Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, 11-январда саат 16.00дөр чамасында Ананьево айылынын тургундары, чиркөө кызматкерлери жана кароолчусу көрүстөнгө келип жыгачтан жасалган бир нече эстеликтин сынып ар жерде жатканын көрүшкөн. Милиция ал жерде крест түрүндөгү 35 жыгач жана 2 мрамор эстеликтин талкаланганын аныктаган.

Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 131-беренеси (Өлгөн адамдын денесин жана анын мүрзөсүн мазактоо) менен баштапкы тергөө башталды.

Вандалдар издөөгө алынды, иш Ысык-Көл облустук милиция көзөмөлүндө турат.