Сауд Аравияда 40 миңден ашык аял айдоочулук күбөлүк алды

Бул өлкөдө аялдар күйөөсүнүн, атасынын, агасынын же эркек баласынын уруксаты жок паспорт ала албайт, күйөөгө чыга албайт. Керек болсо өз алдынча чет өлкөгө чыкканга, банктан эсеп ачканга укугу жок.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Сауд Аравияда былтыр июнь айында аялдарга машина айдоого укук берилгенден тарта 40 миңден ашык кыз-келин айдоочулук күбөлүк алды. Бул тууралуу Saudu Gazette басылмасы жазды.

Эми бийлик өлкө боюнча аялдарды айдоочулукка үйрөтүү боюнча жаңы 14 борбор ачууну пландап жатат.

Анткен менен Сауд Аравиянын аялдары күйөөсүнүн, атасынын, агасынын же эркек баласынын уруксаты жок паспорт ала албайт, күйөөгө чыга албайт. Керек болсо чет өлкөгө чыкканга, банктан эсеп ачканга укугу жок.