Подполковниктин өлүмүнө шектелген жаран кармалды

10-январга караган түнү Бишкек — Торугарт айланма жолунун 16-чакырымынан милиционердин сөөгү табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлү, милициянын подполковниги Күнболот Касымалиевди унаасы менен коюп кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул туурасында укук коргоо органдарындагы булактар билдирди. 

Ошто наристени сабап өлтүрдү деген кош бойлуу келин 2 айга камакка алынды
Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек — Торугарт айланма жолунун 16-чакырымынан автоунаа адамды коюп кеткени боюнча маалымат түшкөн. 

Жабырлануучу подполковник алган жараатынан жеринде мерт болгон. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. 

Жол кырсыгы боюнча милициянын каналдары аркылуу багыттамалар берилип, "Тосуп кармоо" иш мерчеми киргизилип, посттор коюлган. 

Өздүк булактын билдиришинче, бул иш боюнча шектелип бир адам кармалып, үч киши сурак берген. Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.