БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өткөн эски көпүрөнүн ордуна жаңысы салынууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Ага ылайык, көпүрө жараксыз абалга келген.
"11-январда курулуш иштери менен Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов таанышып келди. Көпүрөнүн узундугу 9 метр, туурасы 12 метр болот", — деп айтылат маалыматта.
Көпүрөнүн курулушуна шаардык жолдор башкармалыгы көзөмөл кылып, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.
Өз кезегинде калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов көпүрөнүн сапаттуу курулушуна көңүл буруларын белгилеген.