Окумуштуулар: күндүз үргүлөп жатсаңыз, чоң көйгөй жаралышы мүмкүн

Адистер 199 адамга изилдөө жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. АКШнын окумуштуулары күндүз уйкусу келип үргүлөй берген адамдардын келечекте акыл-эстен айнып калуу коркунучу бар экенин аныкташты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Адистер атайын техниканын жардамы менен катуу уктап кете албаган 60 жаштан жогору курактагы 119 ыктыярчыга байкоо салган.

Натыйжада ыктыярчылардын мээсинде тау-белок көп экени аныкталган. Анын кесепетинен адам Альцгеймер дартына кабылышы мүмкүн.

Окумуштуулардын пикиринде, буга катуу уйкуга кире албагандык себеп.