Аскерлердин Майлуу-Суудагы чатагы. Бири экинчисин жарадар кылды

Жабыркаган аскердин абалы канааттандырарлык экендигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Майлуу-Суудагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер экинчисин жарадар кылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя өткөн жылдын күз айында аскерге чакырылган эки жоокердин ортосунда болгон.

"Жоокерлердин бири урушуп жатканда кеңсе бычагы менен экинчисин билекке сайган. Ооруканадан жабыркаган уландын колунун терисин тигишкен. Азыр абалы канааттандырарлык", — деп билдиришти штабдан.

Аскердик бөлүктүн жетекчиси кызматтык иликтөөсүн баштады. Ал эми окуя туурасында Жалал-Абад аскер прокуратурасынын гарнизонуна кабарланды.