Колдон келгенин кылдык! Крестинин Түштүк Корея менен болгон беттеш тууралуу

Кыргызстандын футболчулары күчтүү атаандашына минималдык эсеп менен жеңилди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Түштүк Корея менен болгон оюн боюнча комментарий берди.

"Балдарга аракети үчүн ыраазычылык билдирем. Колдон келгенин кылышты. Тилекке каршы, упай топтой албадык. Бирок келечекке ишеним менен карайбыз. Мындай кайрат менен кете берсек, үч упай топтоп, алдыбызга коюлган тапшырманы аткарабыз деп ойлойм", — деди Крестинин.

Кыргызстан — Түштүк Корея оюнунун мыкты ирмемдери менен голу. Видеобаян
Кечээ Аль-Айн шаарындагы Hazza bin стадионунда Кыргызстандын футболчулары түштүккореялык атаандаштары менен беттешип, 1:0 эсебинде утулуп калды. Корей футболчулары мыктылыгын көрсөтүп, талаада топко көбүрөөк ээлик кылганы менен кыргызстандык команданы дарбазачы Кутман Кадырбековдун чеберчилиги сактап жатты. Кыргыз курамасы дагы бир топ кызыктуу учурларды жаратып, бирок атаандаштын дарбазасына топ киргизе алган жок.

Кыргызстан экинчи оюнда утулуп калганына карабай, 1/8 финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап турат.