Дарбазачы Кадырбеков: кореялыктардын көп оюн ишке ашырган жокпуз

Голкипер оюн учурундагы сезимдери жана жалпы эле пикири тууралуу ой бөлүштү.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Дарбазачы Кутман Кадырбеков Түштүк Корея менен болгон оюндан кийин көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды.

Атаандаштан утулуп калганына карабастан (0:1) 21 жаштагы голкипер Азия кубогундагы дебюттук оюнунда бир топ ийгилик жаратты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Футбол федерациясынын жардамы менен Кадырбеков менен курган чакан маегин сунуштайт.

— Алгач куттук айтабыз. Жаш туруп мындай ири беттештерде ойноо кандай экен?

— Рахмат. Досторумдан, кесиптештеримден көп жылуу сөз уктум. Албетте, мындай турнирде ойноо чоң сыймык. 

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея

— Командага кандай баа берээр элеңиз?

— Атаандаштардын күч-дараметин билем. Андыктан оюн теңтайлаша эле өттү. Көп нерсени ишке ашыра албай калдык, аларда да кемчиликтер болду. Биздин жигиттер болгон аракетин жасады.

— Өзүңүзгө кандай баа бересиз? Бир топ кооптуу ирмемдерден коргоп калдыңыз. Машыктыруучуңуз эмне деди?

— Өзүмө баа бере албайм го. Четтен туруп караган кишиге жакшыраак көрүнөт эмеспи. Менин аракетиме машыктыруучу гана баа бере алат. Ал мага кемчиликтеримди көрсөттү, эми аларды жоюунун үстүндө иштөө керек.

— Дарбазаңызга топ кирип кеткенден кийинки сезимиңиз тууралуу айтып берсеңиз…

— Албетте, маанайың чөгөт, бирок оюн жүрүп жатканда жаман нерселерди ойлобош керек. Андыктан башка топ киргизбөө жөнүндө гана ойлодум. Дарбазачы бир да топ киргизгиси келбейт, тилекке каршы, анте албадым. 

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея

— Атаандаш тууралуу эмне айта аласыз?

Колдон келгенин кылдык! Крестинин Түштүк Корея менен болгон беттеш тууралуу
— Чабуулда мыкты экен, бирок туура жасалган аракеттерден улам көп нерсесин ишке ашырган жокпуз.

Эскерте кетсек, Азия чемпионаты Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жатат. Эки ирет жеңилгенине карабастан Кыргызстандын плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Финалдын 1/8 бөлүгүнө тайпадагы эки мыкты команда жана үчүнчү орун алган алты команданын төртөө чыга алат.

Беттештин мыкты ирмемдерин видеобаяндан көрүүгө болот.