БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 15-январдагы жыйынында АКШга, Россияга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчилерди дайындоо маселесин карайт.
Ишенимдүү булактын берген маалыматы боюнча Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматына Канайым Бактыгулова, Россиядагы элчи кызматына Аликбек Жекшенкулов, Түштүк Кореядагы элчиликтин жетекчилигине Динара Кемелова жана АКШдагы элчи кызматына Болот Отунбаевдин талапкерлиги каралууда.
Ал эми Канайым Бактыгулова буга чейин 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенип, 2005-2007-жылдары ТИМди башкарган.
Тышкы иштер министрлигинин 2018-жылдын 4-декабрына берген маалыматы боюнча учурда тогуз мамлекетте Кыргызстандын элчиси жок. Алар — Түркия, Кытай, Түркмөнстан, Малайзия, Япония, Индия, Түштүк Корея Республикасы, Афганистан жана Азербайжан.