Күлкүң келет! Тыйын чычкандан корккон полиция кызматкеринин видеосу

АКШнын Мак-Генри штатындагы полиция кызматкерлери иштеген жайга кокустан "коркунучтуу" жандык кирип келген. Аны көргөн тартип сакчысы коркконунан отургучка чыга калган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Полициянын маалымат кызматынын Facebook баракчасына жарыялаган видеосунан полиция кызматкеринин тыйын чычкандан чындап эле коркконун көрүүгө болот.

Жандыкты имарат ичинен эки тартип сакчысы сыртка чыгарууга аракет кылган. Алышып жатып акыры кетиришкен.

Мак-Генри полиция департаменти бул окуя офицерлердин зөөкүрлөр менен алышуу жөндөмүн сыноо болуп калганын айтышкан.