Атасынын жеңеси таяктап... Ошто эки жашар наристе чарчап калды

Наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, бала атасынын колунда калган. Кийин ал Россияга иштегени кетип, чүрпөсүн 30-декабрда агасынын үйүнө таштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ош шаарында атасынын жеңеси тарабынан сабалган эки жашар наристе чарчап калды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 10-январь күнү саат 15.00дөр чамасында Ош облустук балдар ооруканасына эки жашар наристени туугандары алып келип (атасынын агасы), тарамышы тырышып калганын айтышкан. Дарыгерлер наристени кароо учурунда ал ооруканага келгенге чейин эле чарчап калганы белгилүү болгон. Мындан улам ак халатчандар милицияга кабарлашкан. 

Убийство 2-летнего ребенка в Оше

Ош ШИИБинин атайын ыкчам иликтөө тобу наристеге зомбулук көрсөтүлгөн болушу мүмкүн деп шекшип, соттук-медициналык экспертиза дайындаган.

"Адистин катышуусу менен кароо учурунда наристенин бети-башында, колдорунда жана сандарында көгала тактар, сол колунун билегинде ачык жарааты бар экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан шектүү катары наристенин атасынын бир тууган агасынын 30 жаштагы жубайы кармалды. Ал кылмышка айыпталып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Шектүү көрсөтмөсүндө наристе шымына сийип койгону үчүн чымчып, буттарына уруп жүргөндүгүн билдирди. Анын айткандарын күйѳѳсү дагы тастыктады", — деп айтылат билдирүүдө.

Атасы үч жашар уулун дубалга жабыштыра чапты. Дарыгердин күйгөнү эмне?
Наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, бала атасынын колунда калган. Кийин ал Россияга иштегени кетип, чүрпөсүн 30-декабрда агасынын үйүнө таштаган.

Учурда факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту ("Этиятсыздыктан киши ѳлтүрүүгѳ алып келген ден соолукка оор залака келтирүү") боюнча кылмыш иши козголду.