Дөөлөрдүн кармашы: "Иран халкы" менен "Эң коркунучтуу адам" рингге чыгат

Гарибинин бою 188 сантиметр, салмагы 174 килограмм. Атаандашынын бою дагы узун, салмагы дагы көбүрөөк — 207 сантиметр, 150 килограмм.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. ММА тарыхындагы бүйүр кызыткан таймаштардын бири 2019-жылы Польшада өтүшү ыктымал. Бул тууралуу Sputnik Иран агенттиги жазды. 

Рингге "Иран халкы" деген каймана ат менен таанымал Саджад Гариби менен британиялык айтылуу бодибилдер Мартин Форд чыкмакчы. Бул экөөнүн тең ММА уюмундагы дебюттук беттеши болмокчу.

​Саджад Гариби ММА уюмуна кандайча өтүп калганын жана таймашка кантип даярданып жатканын Sputnik Иран агенттигине айтып берди.

"Мурда пауэрлифтинг менен машыкчумун. ММА жетекчилигинен сунуш түшүп, өтүп кеткениме бир гана жыл болду. "Эң коркунучтуу адам" деп аталган Мартин Форд менен келишим түзүлүп, акыркы чечим кабыл алына элек. Бирок мага чакырык түшкөндөн кийин мен жок дей албадым. Анткени артымда элим турат, алар мага ишенет", — деди Гариби.

Конор Флойддон утулган Насукава менен ММА боюнча беттешүүнү пландап жатат
Спортчу рингге алгачкы жолу чыгып жаткандыктан өзүнүн жана атаандашынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эч нерсе айта албасын кошумчалады. Азыр машыктыруучусу менен талыкпай иштеп, жумасына үч жолу 70-80 килограммдык жүктү 90 метрге сүйрөп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, Гарибинин бою — 188 сантиметр, салмагы — 174 килограмм. Атаандашынын бою дагы узун, салмагы дагы көбүрөөк — 207 сантиметр, 150 килограмм.