Укмуш! LG оролуп калган алгачкы телевизорду сунуштады. Видео

Жыйналып тургандагысы болгону кичирээк тумбадай болуп калат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. LG компаниясы дүйнөдөгү алгачкы өз алдынча оролуп калчу телевизор чыгарып, сунуштады.

The Verge басылмасынын айтымында, LG Signature OLED TV деп аталган саамалыгын түштүккореялык компания расмий түрдө Лас-Вегаста өткөн Consumer Electronics Show (CES) 2019 көргөзмөсүндө элге алып чыкты. 

Жарык бөлмөдө уктоонун зыяны көп. Адистердин аныктамасы
Телевизор жыйналып турганда кичирээк тумбадай болуп калат. Аны жаюуга 10 секунддун аралыгындагы убакыт сарптала турганы айтылды.

Эгер экрандын зарылдыгы жок болсо, теңинен азыраагы бери чыккан үстүңкү бөлүгүн пайдаланууга болот.

Маалыматка ылайык, жаңы телевизорлор сатыкка ушул жылдын соңунда чыгарылат. Эксперттердин баамында, баасы 10 миң доллардын тегерегинде болмокчу.