Радио

Эржигитов: жаңы жалпы жарандык паспортто 40тан ашуун коргоо элементи болот

Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу, коммуникация бөлүмүнүн башчысы Мелисбек Эржигитов оптимисттик пландар боюнча 2019-жылдын 4-кварталында жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсү колдонууга киргизиле тургандыгын маалымдады.
Sputnik
Эржигитов: жаңы жалпы жарандык паспортто 40тан ашуун коргоо элементи болот

2004-жылкы үлгүдөгү чет өлкөлүк паспорт моралдык жактан эскилиги жетип, аны азыркы жогорку технологиялык заманда колго жасоо оңой болуп калды. Бул тууралуу Мелисбек Эржигитов Sputnik Кыргызстан радиосунун декабрь айындагы эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн негизги документтерин даярдоо боюнча тендер жарыяланып, ага беш компания катышкан.

"2004-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттордун (чет өлкөлүк) моралдык эскилиги жетип, коргоо элементтери талапка жооп бербей калды. Ошондуктан аны колго жасоо күч алды. Эми оптимисттик мерчемдер боюнча жаңы үлгүдөгү паспортту ушул жылдын 4-кварталында колдонууга чыгаралы деп турабыз. Документти даярдоо үчүн беш компания тендерге катышты. Алардын квалификациялык жактан талапка жооп берер-бербеси, техникалык мүмкүнчүлүгү ж.б талаптар эске алынат. Соңунда тендердин жеңүүчүсү аныкталат. Жаңы үлгүдөгү жарандык паспорт 40тан ашуун коргоо элементтерине ээ болот. Андан сырткары, легалдаштыруу үчүн дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүнө жаңы паспорттун үлгүсү жөнөтүлөт, тааныштырылат", — деди Эржигитов.

Ошондой эле ал жаңы документти чет өлкөлөрдө мыйзамдаштыруу маселеси алты айга чейинки убакытты талап кыла тургандыгын кошумчалады.