Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын саны көбөйүүдө. Сүрөттөр

Сүрөттөрдөн корук менен жаратылыш парктын аймагында жапайы куштар менен жаныбарлардын бардык түрлөрүн кезиктирүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында жапайы жаныбарлар менен Кызыл китепке кирген келгин куштардын түрү улам көбөйүп жатат. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

1 / 4
Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында жапайы жаныбарлар менен Кызыл китепке кирген келгин куштардын түрү улам көбөйүп жатат
2 / 4
Мындай бүтүм жасоого "Алатай" жаратылыш паркына коюлган фотокапкандарга түшкөн сүрөттөр негиз болгон.
3 / 4
Байкоочу камералар 2018-жылдын ноябрь айында Батыш Тянь-Шандагы жаратылыштын ар түрдүүлүгү боюнча долбоордун алкагында орнотулган.
4 / 4
Сүрөттөрдөн корук менен жаратылыш парктын аймагында жапайы куштар менен жаныбарлардын бардык түрлөрүн кезиктирүүгө болот.

Мындай бүтүм жасоого "Алатай" жаратылыш паркына коюлган фотокапкандарга түшкөн сүрөттөр негиз болгон.

Буларды күнүгө көрө бербейбиз. Фотокапканга түшкөн Кыргызстандагы жаныбарлар
Байкоочу камералар 2018-жылдын ноябрь айында Батыш Тянь-Шандагы жаратылыштын ар түрдүүлүгү боюнча долбоордун алкагында орнотулган. Сүрөттөрдөн корук менен жаратылыш парктын аймагында жапайы куштар менен жаныбарлардын бардык түрлөрүн кезиктирүүгө болот.

Жаныбарлар байырлаган "Алатай" жаратылыш паркынын жалпы аймагы 56 миң 826 гектар. Ал жерден Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, аюу, суусар сыяктуу жаныбарларды кезиктирүүгө болот.

Булардан сырткары, сойлогон, жерде жашаган жаныбарлардын 200дөн, сүт эмүүчүлөрдүн 30дан, ал эми өсүмдүктөрдүн 260тан ашуун түрү бар. Анын 14 түрү дарылык касиетке ээ экендиги айтылат.

Учурда Кыргызстанда жапайы канаттуулардын 400дөн ашык түрү жашайт, алардын 57си Кызыл китепке киргизилген. Жылына жапайы канаттуулардын 350 түрү учуп келет.