Эркектин бел кубаты оозду тазалабагандан да азаят. Иликтөө

Иликтөөгө 200дөй киши катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кытайлык окумуштуулар ооз көңдөйүн тазалабай жүрүү эрекциянын бузулуу коркунучун үч эсе көбөйтө турганын айтып чыгышты. Бул туурасында Известия басылмасы жазды.

Импотенция жаш-карыга карабайт. Оорунун себептери тууралуу
Гуанчжоу университетинин илимпоздору ооздун начар гигиенасынан улам тиш бүйлөлөрүндө пайда болгон илдеттерди байкашкан. Оору жыныс мүчөгө кан жиберип турган тамырларга зыян келтириши мүмкүн экендиги аныкталган.

Иликтөөгө 200дөй эркек катышты.

Окумуштуулар белгилегендей, импотенциянын алдын алуу үчүн күнүнө оозду эки маал жууш керек, ошондой эле тиштин ортолорун тазалоо үчүн атайын жип колдонуу туура.