Немистердин өкмөттүк учагы бузулуп, министр жолдо калды

Немистердин өкмөттүк учагы муну менен экинчи ирет ээлерин жолдо калтырды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Немистердин өкмөттүк учагы дагы бузулуп, экономикалык кызматташуу жана аны өнүктүрүү министри Герд Мюллер жолдо калды. Бул туурасында dw.com сайтында кабарланган.

Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
Немистердин өкмөттүк учагы муну менен экинчи ирет ээлерин жолдо калтырды. Бул ирет Түштүк Африка өлкөлөрүн кыдырыш үчүн аттанган.

Маалыматта аба кемесинин кыймылдаткычы бузулганы айтылган. Эми министр Малавиден Замбияга адаттагы эле каттам менен учмакчы.

Аба кемеси буга чейин Германия канцлери Ангела Меркель Аргентинада өтүүчү G20 саммитине бара жатканда да "кыялын көрсөткөн". Орто жолдон №1 борт бузулуп калып, артка кайрылган. Ал эми канцлер айым андан ары Франциянын Iberia компаниясынын катардагы каттамы менен Мадрид шаарынан Аргентинага жөнөп кеткен.