Дүйнө өлкөлөрүнүн мамкарызынын ИДПга болгон катышы кандай? Кыргызстандын абалы

Инфографиканы түзүүдө Эл аралык валюта фондусунун маалыматтары колдонулган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. HowMuch изилдөө борбору түрдүү өлкөлөрдүн мамлекеттик карыздарынын ички дүң продукцияга (ИДП) болгон катышын инфографика түрүндө көрсөттү.

Маалыматты даярдоодо Эл аралык валюта фондусунун маалыматтары колдонулган. Ар бир өлкөнүн аймагы мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышына пропорционалдуу келет. Тең салмактуулугу 50 пайыздан ашып кеткен өлкөлөр кызыл менен, андан аздары жашыл менен белгиленген. 

2019-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 28 млрд. сом кетет. Үрөй учурган график
Инфографикадан көрүнүп тургандай мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы Японияда өтө начар (238 пайыз). Андан кийинки орунда Греция (182 пайыз), Барбадос (157), Ливан (147), Италия (132) жана Эритрея (131) турат.

Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик карызынын ИДПга болгон катышы 55 пайыз болгондуктан инфографикада кызыл менен белгиленген. Бул көрсөткүч Өзбекстанда 24 пайыз, Казакстанда 21 пайызды түзгөн.

Эң мыкты көрсөткүч деп Гонконгдуку, Брунея, Эстония жана Соломон аралдарыныкы табылган.

HowMuch.net порталы түрдүү инфографикаларды жасоого адистешкен. Ал эмгектер Data-журналистика боюнча эл аралык конкурстарда мыкты деп табылган.