Чүйдө милициянын подполковнигинин сөөгү табылды

Азыркы учурда бул факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги киши колдуу болду делген милициянын подполковниги Күнболот Касымалиев тууралуу маалымат таратты.

Бишкекте кудуктан адамдын сөөгү табылды
Социалдык тармактарда Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Күнболот Касымалиевдин сөөгү Кант шаарынан табылганы жана ага кесиптештери шектелип жатканы боюнча маалымат тарап жатат.

Ал эми ИИМдин берген маалыматына караганда, милиционер киши колдуу болгон эмес.

10-январь күнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек — Торугарт айланма жолунун 16-чакырымынан автоунаа адамды коюп кеткени боюнча маалымат түшкөн. Жерине Ысык-Ата РИИБдин тергөө ыкчам тобу барган.

"Алга айылынан айдоочу батыштан чыгышты көздөй бара жатып жолдон белгисиз азият тектүү, жашы болжол менен 35-40тар чамасындагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен. Натыйжада жабырлануучу алган жаракатынан мүрт кеткен. Маркумдун сөөгү Ысык-Ата районунун өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Жол кырсыгы боюнча милициянын каналдары аркылуу багыттамалар берилип, "Тосуп кармоо" иш мерчеми киргизилип, посттор коюлган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жол кырсыктан каза болгон жаран Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Күнболот Касымалиев экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин билдиришинче, каза болгон милициянын подполковниги эмгек өргүүсүндө болгон.

Учурда факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.