Бишкек мэриясы азырынча түкүрүк жана башка эреже бузуулар үчүн жазалай албайт

Райондук администрацияларда азырынча эреже бузууларды карай турган комиссия түзүлө элек. Бирок мэрия маселе боюнча иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы нормативдик-укуктук актыларды Эреже бузуулар кодексине шайкеш келтирүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанда жыл башынан бери түкүрүк үчүн эч ким айыпка жыгыла элек
Билдирмеге караганда, жергиликтүү бийлик органдары эреже бузуулар боюнча ишти кароого ыйгарым укугу бар. Ар бир жергиликтүү бийлик комиссия түзүшү керек. Бирок Бишкекте андай нерсе азырынча жок. Комиссия жөнүндөгү жобо жана анын персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

Бишкек мэриясы шаардык кеңештеги комиссиялар жөнүндөгү долбоордун жобосун иштеп чыкты. Ал январь айынын экинчи жарымына белгиленген сессияда каралып, кабыл алынышы мүмкүн.

Документ комиссиянын түзүлүшү жана ишмердүүлүгү, анын ичинде эреже бузууларды жана жоопкерчиликке тартуу тартибин жөнгө салат.

Бишкек шаардык кеңештин токтому менен комиссия бекитилип, курамына төмөнкүлөр кирет:

— Бишкектин административдик районунун жетекчисинин орун басары — комиссиянын төргасы;

— муниципалдык администрациянын турак жай коммуналдык чарба боюнча бөлүмүнүн башчысы — комиссия төрагасынын орун басары;

— муниципалдык администрациянын турак жай коммуналдык чарба боюнча бөлүмүнүн адиси — комиссиянын катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

— Санитардык-экологиялык инспекциянын өкүлү;

— аймагында эреже бузуу болгон аймактык муниципалдык башкармалыктын өкүлү;

— муниципалдык администрациянын укуктук маселелер боюнча адиси (юрист);

— райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлү.

Бүгүнкү күндө эреже бузуу жөнүндө протоколду толтуруу үчүн Бишкек мэриясынын ыйгарым укуктуу кызматтары такталып жатат.

2019-жылдын 1-январынан тарта Административдик жоопкерчилик кодексинин ордуна Эреже бузуулар жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Жергиликтүү органдар 27 берене боюнча көзөмөл жүргүзөт (таштанды, айлана-чөйрөнү жакшыртуу, коомдук жайлардын тазалыгы ж.б.).