Бишкектин маршрутка айдоочулары митингге чыгар-чыкпасын айтты

Белгисиз адамдар 12-январда каршылык акциясына чыгууга үгүттөп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектин маршрутка айдоочулары митингге чыкканы жатат деген маалыматты текшерип көрдү.

Буга чейин бул тууралуу ЖМКлардын бири жазып чыккан. https://www.vb.kg/doc/375952_v_bishkeke_voditeli_marshrytok_vyydyt_na_miting.html

Sputnik агенттигинин кабарчысы маршруттук таксилердин бир нече өкүлчүлүктөрүнө кайрылды. Алар бул боюнча төмөнкүлөрдү билдиришти:

— Ош базарында белгисиз адамдар 12-январда каршылык акциясына чыгууга үгүттөгөн кагаздарды таркатып жүрөт;

— микроавтобустардын көпчүлүк айдоочулары жол эрежесин бузууга каршы салынган айып пулга каршы чыгууда;

— маршрутка айдоочулары Бишкектеги аялдамалардын санын көбөйтүүнү жана жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү талап этишүүдө;

— эртең, 11-январда, мэриянын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгынын имаратынын алдында маршрутка айдоочулары бийлик өкүлдөрү менен жолугуп жаңы айып пулдар менен алдыдагы кызматташууну талкуулашат.

Бишкек мэриясы 11-январда айдоочулар менен жолугушуу болорун ырастады.