Аликбек Жекшенкулов Россиядагы элчи кызматына көрсөтүлүүдө

Жекшенкулов өзү бул маселе боюнча комментарий берген жок.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчи кызматына көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты.

Эми Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Жекшенкуловдун талапкерлигин аталган кызматка карайт.

Жекшенкулов өзү бул маселе боюнча комментарий берген жок.

"Бардыгын экинчи күнү билесиңер", — деди ал.

Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп иштеген. Ал эми 2005-2007-жылдары Тышкы иштер министрлигин башкарган.