Түрдүү жылдары 10-январда Кыргызстанда жана ааламда болгон маанилүү окуяларды Sputnik Кыргызстан тизмелеп чыкты. Бул күнү маанилүү жыйындар башталып, бир катар президенттер жарыкка келип, айрымдары о дүйнө салган.
Кыргызстанда:
1908-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин депутаты мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатов төрөлгөн. Анын аты Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине да берилген.
1971-жылы үчтеректик үч ырчы кыздын кенжеси Лира Райымбекова туулган. Анын Анапия, Дилбар аттуу эжелери бар. Учурда Лира Райымбекова Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында иштейт.
Дүйнөдө:
1863-жылы Лондондо дүйнөдөгү эң биринчи метро ачылган. Анын узундугу 3,6 чакырымды түзгөн.
1946-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын биринчи жыйыны ачылып, ага 51 мамлекеттин өкүлү катышкан. Бүгүнкү күнү аталган уюмга 193 мамлекет мүчө.
Жарык дүйнөгө келгендер:
1883-жылы орус жазуучусу, публицист Лев Толстой жарык дүйнөгө келген.
1913-жылы Чехословакиянын акыркы президенти Густав Гусак туулган.
Көз жумгандар:
1971-жылы Габриэль Шанель каза болгон. Бул аял XX кылымда мода айдыңында төңкөрүш жасап, Коко Шанель деген ат менен калың журтка белгилүү болгон.
1970-жылы советтик учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры, полковник Павел Беляев каза болгон.